Байкоосуздан жолуктуң, сүйгөнүм, мага,
Баштагыдай күлкүң жок, не болду сага?
Убадаңа бек туруп калбадың беле?
“Бактылуу болобуз” деген сөздөрүң кайда?
Кайырма:
Жаным, кайдагы сүйүү?
Жаным, кайдагы күлкү?
Соолуду го сага арналган сүйүүнүн гүлү,
Эми кайрылбайт күлкү,
Эми кайрылбайт сүйүү.
Соолуду го мага арналган сезимдин гүлү.
Кантип эми таба алам дартыма даба?
Бүт дүйнөмдү курчап алды муздаган аба.
Эгер болсо канатым баарын унутуп,
Алып учуп кетмекмин алыс жактарга.
Фархат Кеңешбек уулу — Кайдагы сүйүү? тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 13519
Бул ырда ката болсо да мен учун ен сонун ыр биринчи орунда койом ушул ырды фархат байкени емес мени алса Кана кудай