Көңүлгө да көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Көңүлдө калды, а бирок ай,
Көксөткөн санаа, кусалык.
Байыр алып, басып наздана,
Баш ийип калдың башкага.
Бактылуу кылып башканы сен,
Бактылуу болдуң аз гана.
Сагындым, мынча сезбейсиң,
Сезесиң, сен да эстейсиң.
Томогоңду үзүп бир ирет,
Анда не келип кетпейсиң?
Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы.
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.
Гүлбү Ороскул кызы — Арзуу тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 47923
Өтө сонун ырдаптыр
Соонун
Сонун
Абдан сонун ыр
Сонун мыкты денгелде ырдаптыр
Мыктыны мыкты деш керек.
Соз жок ото сонун
Соз жок соонун ырдаптыр
Журоктон чыккан ыр, журокко жетет дечу беле
7ж
Ен сонун!
Вябай жакты!
Аябай жакты