Мен сага мына минтип жагынайын,
Гүл болуп оң төшүңө тагылайын.
Болбосо бир кичине күнүң болуп,
Бир сенин маңдайыңда жагылайын.
Бак болсоң, мөмөлөрү бышып турган,
Багбаның болоюн мен суусундурган.
Гүл болсоң, кең талаада жайнап турган,
Төгөйүн жамгыр болуп жүзүң жууган.
Көл болсоң, бирде көлкүп, бирде толкуп,
Сүзөйүн толкунуңда ак куу болуп.
Жабыркап жаның кейип турганыңда,
Булбулуң болоюн мен бакка конуп.
Гүлнара Кахарова — Жагынайын тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 1065