Темир жолдо поезд термелет,
Телмиресиң алыс сен жөнөп.
Артыңда калабы айыл бош,
Аман кел, кайыр кош, кайыр кош.
Биз айтабыз башка эмне деп,
Кеттиң эле издеп бактыңды.
Таптыңбы, мекендеш, таптыңбы?
Кайырма:
Ала-Тоо мурас калып атаңдан,
Ажайып Ата Мекен аталбай.
Тоолордон күлүп чыгып күн өмүр,
Тоолорго күйүп кайра батар жан.
Кадырын өз жериңди биле жүр,
Кайтып келген сапардан.
Дүйнө кезип деңиз кечесиң,
Көйгөйлөрдөн көрдүң нечесин.
Көп азап дагы да кез келет,
Мээримдүү болсо экен өзгө жер.
Максатыңа бирок жетесиң.
Сени күтөт дайым мекениң,
Мен тийлеймин эсенин.
Кайырма:
Гүлнур Сатылганова — Мекендеш тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 658