Мен сага жолугушум керек эле,
Тагдырдын буйруп койгон бир жеринде.
Калаанын кыйма-чийме көчөсүндө,
Болбосо ашуулардын туу белинде.
Кайырма:
Мен сага жолугушум керек эле,
Кыштабы же жаздабы, бир мезгилде.
Чыгыштан супа салган ак таңда,
Же болбосо, боз мунарык кеч бешимде.
Мен сага жолугушум керек эле,
Биз түшкөн өмүр деген бул кемеде.
Болжолдуу жерибизден жолугушар,
Болбосо буйтап өтүп кеттикпи же?
Кайырма:
Мен сага жолугушум керек эле,
Тагдырдын буйруп койгон бир жеринде.
Калаанын кыйма-чийме көчөсүндө,
Болбосо ашуулардын туу белинде.
Кайырма:
Гүлнур Сатылганова — Мен сага жолугушум керек эле… тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2769