Акындардан калган сахна
Акыл оту жанган сахна
Жан дүйнөмө азык болоор
Жашыл нурлар тамган сахна
Ырчылардан калган сахна
Ышкы оту жанган сахна
Ырахаттуу мүнөттөрдү
Ырга айлантып салган сахна
Кайырма:
Ак берметтей жангым келет
Алдыңарга баргым келет
Жылдыз жанган бул сахнадан
Жылдыз кармап алгым келет
Залкарлардан калган сахна
Заман оту жанган сахна
Эчен талант өтсө дагы унутулгус
Элдик сахна, элдик сахна
Кайырма:
Ак берметтей жангым келет
Алдыңарга баргым келет
Жылдыз жанган бул сахнадан
Жылдыз кармап алгым келет
Гүлнур Сатылганова — Сахна тексти
Датасы: 28.09.2020 Көрүүлөр: 1037