Сезилбестен, карачы, сызат айлар арасы,
Сызып учкан мезгилдин сынбаса экен канаты.
Кандай жапжаш, карачы, кар алдында балаты,
Калсын ошондой жаш бойдон карт тарыхтын канаты.
Кайырма:
Жылдар улап жылдарды жылып өтөт турбайбы,
Жаңы жылда дүйнөдө болбосо экен муң-кайгы,
Жаркып көңүл шаттанып, Жаңы жылым башталып,
Жаркын болсун ушул жыл жалпы адамзат бак табып.
Биздер үчүн күн-түнү болсун жашоо сүйкүмү,
Буюрса экен Жараткан бакыт-таалай күлкүнү,
Бар бололу ар убак бийик айдай жадырап,
Көктө күйсүн күнүбүз, көп жылдыздар жымырап.
Кайырма:
Гүлнур Сатылганова — Жаңы жыл тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 607