Жаныма кубат элең, канат элең,
Өзүңчү эч түгөнгүс санат элең.
Сагындым ал күндөрдү, оо, таене,
Зерикпей жомогуңду айтат элең.
Кайырма:
Таене айтып берчи жомогуңду,
Таене сагындым го кошогуңду.
Теңирден күн-түн тилейт элең,
Жетилер азамат болорумду,
Таене айтып берчи жомогуңду.
Чоңоюп эр-азамат болорумду.
Таенем намысыңа суктанамын,
Кажыбас кайратыңан күч аламын.
Эскерүү айтып күндө досторума,
Өзүңдү өмүр бою туу тутамын
Чоноюп эр атаман болорумду
Мага бул ыр жагат айабай мен бул ырды тайэне айтып бердим
Чоноюп эр азамат болорумду
Мага абдан жакты ❤️ дагы таене жонундо коптогон ырларды чыгара бериниздер