Жаңылдыңбы, жаздыңбы?
Акылыңдан аздыңбы?
Адашарың билдиңби же
Билбей ката бастыңбы?
Жалган дүйнө ушундай, ай,
Кээде күлүп, кээде ыйлай.
Өмүр өтүп баратканын
Сезбейсиң го байкабай.
Кайырма:
Тамчы, тамчылады жаштарың ыйлай, ыйлай,
Тамчыланып жүрөк муңдары үн угулбай.
Кайра баарын баштан баштайлы дебе, садага,
Өзүңдү өзүң сен алдаба.
Бүгүн калдың сен жалгыз,
Ыйлап турасың алсыз
Өткөн күнгө өкүнүп, ий,
Аттиң кылып аргасыз.
Болду, болду ыйлаба,
Ыйлаганда жок пайда.
Кетирген сен каталарың
Кайталабагын кайра.
Кайырма:
Ильяс Кудретов — Тамчы жаштар тексти
Датасы: 17.09.2020 Көрүүлөр: 1028