Жаралып ай нурунан.
Жамалың тунук суудан,
Көргөн жан арзуу кылган.
Тандалып жылдыздардан,
Таң шооладай нур чачкан.
Тагдырым болдуң жазган.
Кайырма:
Сен ак сүйүүмдүн жарчысы,
Жүрөгүмө дем берген,
Шүдүрүмдүн тамчысы.
Эңседим издеп таптым,
Энчилеп сени бактым,
Эргүүнүн балын таттым.
Суусадым сугум арттым,
Сүйүүңө тойбой жаттым,
Сен болуп чексиз бактым.
Кайырма:
Ильяз Абдыразаков — Чексиз бакыт тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 1892