Жалгызсырап, сенсиз кыйналдым,
Сур булуттай сыздап, ыйладым.
Кайрылбай кеттиңби, алыстап жанымдан.
Айрылтып эздиңби, жыргалымды алып кеттиңби?
Кайырма:
Таарындым тагдырга,
Өзүңдөн айрылганда.
Көңүлдү соолутуп,
Ак сүйүүмдү айланткан арманга.
Жалдыраган көздөрүң калды,
Сооротчудай сөздөрүң барбы?
Жалгызым сездиңби буулукканымды,
Же жылдыз аралап учкун сымал учуп кеттиңби?
Кайырма:
Ильяз Абдыразаков — Сүйүү арманы тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 1947
Мага аябай жагат ушул ыры жүрөкө тийет мааниси