Өмүрдө жөлөк-тирегим,
Энекем-атам, билемин.
Агамдын мага белеги,
Арнаган асыл тилеги.
Көкөлөп көктө учамын,
Эжекем жайса кучагын.
Жашоодо дайым кубанып,
Бакытка чексиз батамын.
Кайырма:
Өмүрдүн гүлүн теремин,
Турмуштун айдап кемесин.
Күндөрүм өтүп баратат,
Аралап өмүр белесин.
Айрыба менден, Кудайым ,
Жалбарып сенден сурайын.
Бир тууган — ошол байлыгым,
Тартайын, берсең убайым.
Бой жетип өсүп барамын,
Турмуштун ачып барагын.
Эр жигит болуп чоңоюп,
Батасын элдин аламын.
Аскадай мага бийиктик,
Бир тууган — ошол жөлөгүм.
Сактагын жаман-жалгандан,
Сурабайм, Кудай, бөлөгүн.
Кайырма:
Иса Өмүркулов — Бир тууган тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 228