Жеттиби деп көксөгөн талабыма,
Жан досум кейибегин абалыма.
Андай иш мөңдүрөтпөй көмөктөшөт,
Балбылдап жалын болуп жанарыма.
Чындык деп чырм этпей көмүлөмүн,
Чындык деп өмүр бою жүгүрөмүн.
Жеңсең да жалгандыктын арыстанын,
Чындыктын чымынына бүгүлөмүн.
Оюмду чексиздикке көкөлөткөн,
Жүрөгүм чындык үчүн көпөлөткөм.
Турмушка оор тараптан жок дегенде,
Топчунун тешигиндей көзөнөктө.
Калмурат Рыскулов — Чындык тексти
Датасы: 19.10.2020 Көрүүлөр: 431