Ата-бабам чертип келген комузум,
Обонуна обон кошот добушум.
Комузумдан чыккан обон, чыккан күү,
Каалайм элдин купулуна толушун.
Комуз, комуз — кыргызымдын аспабы,
Анда обон, элдин күүсү, дастаны.
Жаңылбасын манжалары колумдун,
Жарылбасын комузумдун капкагы.
Комуз менен ырдын элге жеткени,
Үч кыл менен үч талантты эскерүү.
Бир комузчу, бири акын, бири ырчы,
Бириктирген комузумдун тепкеги.
Комузумда акындардын ыры бар,
Комузумда канчалардын муңу бар.
Кор кылбагын комуз менен талантты,
Коңгуроодой чыккан күүнү угуп ал.
Калыс Жакыпов — Комузум тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 871
Мага абдан жакты!!
Мага прямо жакты даже музыкага керек болуп калды