Аудиоcун угуу

Жомоктун тексти сүрөттөрү менен

Карышкыр жана жети улак 2

Илгери илгери токойлордун биринде, кичинекей жыгач үйдө бир эчки улактары менен жашаган экен. Эчки токойго тамак издеп көп кетчү экен, улактарына минтип айтчу экен:

Карышкыр жана жети улак 3

«Эч кимге эшикти ачпагыла, токойдо ач карышкыр аралап жүрөт». Эчки кайтып келип, эшикти кагып ырдайт: Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла! Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Карышкыр жана жети улак 4

Кичинекей балдар дароо эшикти ачып, энесин коё беришет. Ал аларды тамактантып, кайрадан токойго кетет.

Карышкыр жана жети улак 5

Карышкыр мунун бардыгын угуп алып, эчки токойго кеткенде, акырын эчкинин үйүнө барып, ырдай баштайт:

Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла! Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Кичинекей улактар жооп беришти: «Биз сени угуп жатабыз, бирок сен энебиз эмессин! Биздин энебиздин үнү башкача. Кет, карышкыр, кет!»

Эчки кайтып келип, эшикти кагып ырдайт:
Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла!
Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Кичинекей балдар дароо эшикти ачып, энесин коё беришет. Алар энесине карышкыр кантип келип кеткенин айтып беришти. Ал аларды тамактантып, кайрадан токойго кетет. Кетип жатып дагы эскертет, эшикти эч кимге ачпагыла деп.

Карышкыр жана жети улак 6

Эчки кетери менен, карышкыр үйгө чуркап барып, тыкылдатып, ичке үн менен ырдады:

Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла!Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Карышкыр жана жети улак 7

Улактар карышкырдын үнүн бул жолу тааныбай калышты, эшикти ачышты. Карышкыр үйгө кирип, балдарды бат эле сугунуп алды. Бир гана улак аман калды — ал мешке жашынып калды.

Карышкыр жана жети улак 8

Эчки үйгө келсе, эшик ачык, ал эми үйдүн ичи бош. Мешке барса, бир улагы чыгат экен. Ал энесине болгон окуяны айтып берет, эчки аябай ыйлап, мындай деди:

Оо менин балдарым, кичинекей улактарым! Эшикти эмнеге ачтыңар, Ач карышкырга жем болдуңар?

Карышкыр жана жети улак 9

Муну уккан карышкыр эчкиге:

— Сен эмне деп жатасың! Мен сенин балдарыңды жеген жокмун!

Карышкыр жана жети улак 10

Эчки болсо карышкырды мүйүздөрү менен сүзүп жиберет, карышкырдын тарсайган курсагы жарылып кетет. Кичинекей улактар баары жерден секирип, энесине чуркашат.

Алар кайрадан бактылуу болуп жашап калышат экен.

Ушул жомок боюнча тест тапшырсаңыз болот

1. Канча улак аман калды?

 
 
 

2. Эчкинин улактарын жегени кайсы жаныбар келет экен?

 
 
 
 

3. Аман калган улак кайда жашынып калды?

 
 
 

4. Эчки улактарына эмнени ачпагыла деп кетет экен?

 
 
 

5. Эчки улактары менен кайда жашашкан эле?

 
 
 
 

6. Эчки улактарын кантип куткарып алды?

 
 
 


Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)153
Коён менен кирпи57
Алия менен жылкы43
Акылдуу кыз жомок35
Акылдуу балдар33
Акылдуу кыз29
ЖАЛКОО29
Карышкыр жана жети улак28
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок25
Карышкыр менен эчки21

Карышкыр жана жети улак: 26 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *