Алкымына байланган,
Алдым-жуттум адам бар.
Барга өзү тойсо да,
Көзү тойбос адам бар.
Кирпиктен да кыскадыр,
Мал-дүйнөңдүн өмүрү.
Бей-бечара момунду,
Колдоп жүргүн ар убак.
Кайырма:
Жалган дүйнө — бул дүйнө,
Арзан дүйнө — бул дүйнө.
Падышадан, байкуштардан,
Калган дүйнө.
Бул дүйнө, бул дүйнө.
Узат дейсиң, бер дейсиң,
Тынчыбадың, адамзат.
Төө тойду, пил толду,
Сен тойбодуң, адамзат.
Шүгүр кылды макулук,
Акылсыз жан-жаныбар.
Шүгүр дейсиң сен качан?
Каршы келген адамдар.
Кайырма:
Он беш күндүк дүйнөдө,
Мансабыңа керилбе.
Суу чыгарып, бак өстүр,
Дөөлөтүңө чиренбе.
Өз элиңди какшатсаң,
Бир күн ыйлап каласың.
Бир жолу эмес, миң жолу,
Каргышына каласың.
Кайырма:
Акча дейсиң, бер дейсиң,
Эч тойбодуң, адамзат.
Төө тойду, пил тойду,
Сен тойбодуң, адамзат.
Кенже Дүйшеева — Бул дүйнө тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 491