Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.
Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.
Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.
Кайырма:
Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.
Кайырма:
Кенже Көбөкова — Кечирип кой тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 164048
Соону мага аяабай жакты
Жагат
Соооонун мага аябай жагат ырдап да койом
Ырдап беринизчи
соонун класс
Просто СУПЕР!!!
Аябай уккун келе берет ушул ырвн мен комуз мн аткарып журом аябай сооонун
Эн соонун ыр,кайра уккун келе берет тажабайсын. Азаматсын Кенже!
Абдан соонун жакты
сонун ыр
Молодец!Кенже эже ийгилик, мыкты ырлардын бири,бул ырды сизден башка эч ким жакшы ырдай албайт
Соз жок соонун
Эн соонун керемет ыр экен!
Соз жок