Кирпи жолдо баратып теңге таап алат. Ошол учурда каретасындагы аттарын алкынтып жанынан бай өтө берген экен.

— Байда жок байлык менде бар!- деп кирпи ага угуза кыйкырат.

Бай ач көз болчу, андыктан “менде жок ал кандай байлык болду экен?” деген ойдо каретасынан түшүп келип:

— Менде жок ал кандай байлык экен?-  дейт.

Кирпи унчукпастан бир теңгени көргөзөт. Бай аны көрүп бырс этип күлүп жибергени менен ач көздүгү кармап, кирпинин жалгыз теңгесин тартып алат да кайра жолуна түшкөн кезде кирпи кыйкырат дейт:

— Көрдүңөрбү! Байда жок байлык менде бар үчүн аны тартып алды!

Эми байдын ач көздүгүн куру намысы жеңип, баарына көргөзө бир теңгени жолго ыргытат. Кирпи болсо кыткылыктай күлүп:

— Көрдүңөрбү? Мен байлыкты эмес, акылды айткан болчумун,- дейт.

Бай буга ого бетер арданып, кирпини жылаңач кол менен ала албасын түшүнүп, арабакечине:

— Эй, айдабайсыңбы!- деп зекиген бойдон жолуна түшкөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы46
Акылдуу кыз жомок37
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)35
Алтын балык31
Суйуу жөнүндө жомок29
Көмөч нан (колобок) жомок26
Акылдуу балдар21
Кыска жана күлкүлүү жомоктор21
Акыл карачач18
Каз менен турна18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *