Ким китепти кирдетсе,
Китеп баркын билбесе,
Жулуп алып барагын,
Орой салса бир нерсе
Ал ‒ китептин душманы.
Ким китепти сүйбөсө,
Кадырына күйбөсө,
Чылым ороп, шарт айрып,
Калжың-кулжуң сүйлөсө,
Ал ‒ китептин душманы.
Ким китепти кордосо,
Ырайымы болбосо,
Сүрөттөрүн уурдаса,
Уурдап көнгөн колдорчо,
Ал ‒ китептин душманы.
‒ Бардыгынан ким жаман?
‒ Китеп жырткан шум жаман.
Китепти сүйгөн балдардан,
Наалат алсын ал адам.
Ал ‒ китептин душманы.
Китептин душманы
Датасы: 06.05.2020 Көрүүлөр: 12784
жакты
Аке жок экен
Жагымсыз
Оа мага жакты и даже жаттап алдым
Автору ким
Автору:Алыкул Осмонов
Туура
ал китептин душмань
Ал китептин душманы
Мага жакты
Мага жакты