Коёндор жаңы жаратылганда узун жана барпайган кооз куйруктуу болушуптур. Алар мындай жакшы куйругу менен абдан сыймыктанып, анысын бийик көтөрө көйрөңдөнө басып, ар кимге мактанышчу экен. Ал тургай башка жаныбарлардан өзүлөрүн жогору коюп, аларды кемсинтип, келекелеген кептери менен шылдыңдашчу дешет.
Бирок ушундай кылыктарынан улам алар кооз куйруктан айрылып калышыптыр. Ал окуя мындайча болуптур:
Бир жолу коёндор суу жээгинде ойноп жүрүшүп, наркы жээктеги жашыл шалбааны, чөбү көйкөлгөн жерди көрүшүп, ага кантип жетүүнү билишпейт. Анткени сууда сүзө алышчу эмес. Ошентип турганда суудан картаң ташбака чыгып, жээктеги кумга жатып күнгө кактана баштайт. Эмне кыларды билбей турган коёндор ташбаканы эрмектеп киришет, аны колдонуп аркы өйүзгө өтүүнү ойлонушат.
— Ташбака ата, сиздин балдарыңыз абдан көп деп уктук. Чын эле ошондойбу?
— Ошондой. Балдарым абдан көп, небере-чөбөрөлөрүм алардан да көп, — дейт ташбака сыймыктана.
— Балдарыңыз биздикинен да көппү? Жок биздикине жетпейт ко дейм. Биздин балдарыбыз ушунчалык көп дейсиң, тимеле талаанын баарын каптап кетет, — деп коёндор калпты катыра айтып ташбаканы алдамай болушат.
— Калп айтпагыла. Мен дайыма экөөңөрдү эле көрүп жүрөм.
— Биз аларды күндүзү камап коюп, түнкүсүн гана чыгарабыз, ошон үчүн көрбөйсүз да. Ишенбесеңиз балдарыбызды санашалы. Кимдики көп болсо мөөрөй ошонуку.
— Макул, мелдешсе мелдешели.
— Анда балдарыңызды чакырыңыз, суу үстүнө чыгып тизилип турушсун. Биз ар биринин үстүнөн басып, бирден санап чыгабыз. Андан кийин биз балдарыбызды суу жээгине тизип беребиз.
Ташбака буга макул болуп, бир аздан кийин бүт ташбакаларды чакырганда алар суунун бетин ээлеп калышат. Ушуну эле күтүп турган коёндор “бир, эки, үч, төрт…” деп санамыш эте алардын үстү менен жүгүрүп наркы өйүзгө өтүшөт да:
— Келесоолор, келесоолор! Биз силерди алдап, бул өйүзгө өтүп алдык! Биздин бир да балабыз жок, — деп адаттарынча шылдыңдай баштаганда жээкке жакын ташбакалар өзүлөрү аркы өйүзгө өткөнү менен узун куйруктары чубалжып артында калган бул көйрөң, бирок акылсыз коёндордун куйругуна жабышып, кырча тиштеп үзүп салышат.
Ошондон кийин артында бир гана тутам куйругу калган коёндор андагы сылаңкороздугун жоготушуп, азыркыдай коркок жаныбарга айланыптыр.