Көздөрүң турат көзүмдө,
Көңүлүң барбы өзүмдө?
Көп жүрүп сендей кызды көрбөдүм мен,
Кыдырып дүйнө жүзүндө.
Көздөрүң сонун, капкара,
Көргөндө толкуйм апкаара.
Толкундап кетем, кара көз,
Эмнеге, кеттиңби жүрөк аңтара?
Жүрөгүм толкуйт апкаара.
Пейилиң сонун ак пейил,
Өзүңдү сүйүп, жан деймин.
Жылмайып койсоң, кара көз, сен мага,
Жүрөгүм толкуйт, кантейин?
Күлбөсөң күйөр асманым,
Күйүттө анда калганым.
Теңсинбей койдуң, кара көз,
Эмнеге, мен сага, тагдырга барбы жазганым?
Кубаныч Сатаев — Кара көз тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 3079
Ооба
Жакты