Жарык дүйнө тааныткан,
Менин апакем.
Жарыгың экен мен үчүн,
Айга, күнгө тең.
Эрке кызың эмгегиң,
Актасам — деген.
Бой жетсем да түгөнбөс,
Мээримиң сезем.
Кайырма:
Апакем ай, асманымда,
Жаркырап,күлүп турган күндөй сулуу.
Апакем ай, жарыгымсың,
Мээрим төгүлгөн.
Апакем ай, асылзада,
Эң ыйык эне — деген атың улуу.
Таазим кылып өтөм өмүрдө.
Апакем ай.
Өмүр — деңиз, апаке,
А сен кемесиң.
Балдарыңа бак тилеп,
Сүзүп келесиң.
Таттуу уйкуңду бөлүп,
Кирпик ирмебей.
Таңдан кечке жолум карап,
Күтө бересиң.
Кайырма:
Кундуз Канатбек кызы — Апакем тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 449