Аттанган туулган жер үчүн,
Аттанган кутман эл үчүн.
Гүл коюп, эскер, ыйлап ал,
Уулуңар, жоокер эл үчүн
Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла.
Жан берип кандуу кармаштан,
Кайткан жок, кайра батыштан.
Эстелик болду эми алар,
Түбөлүк отту жагышкан.
Кайырма:
Тосушуп таңды атардан,
Узатып күндү батардан.
Түбөлүк тирүү турушат,
Уулуңар биздин катарда.
Кайырма:
Кыргызбай Осмонов — Эстелик тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 897