Күлүп турса,
Жылмайса жылуу,
Көңүлүм эс алат.
Бүт дүйнө токтоп,
Жалгыз аны карап.
Окшоштурам манайын асманга,
Бирде ачык, бирде булут каптап.
Кайырма:
Ал күлүп турса, күн жаркырап,
Жандап тургандай.
Бир капаланса булут каптап,
Асман кайгыргандай.
Көңүлү чөксө да,
Жылмайып жашырат.
Ал катса да баарысын,
Көзүнөн байкалат.
Окшоштурам манайын асманга,
Бирде ачык, бирде булут каптап.
Кайырма:
Кыялбек Бакиров — Күлүп турса тексти
Датасы: 28.08.2020 Көрүүлөр: 84