Нуруңдан өстүм досторум менен
Арман кылбай,
Торолдум сенден, чоңойдум сенден
Токтолуп турбай
Мен үчүн бийик, мекен туйгусу,
Кымбатым калкым
Кубантса деймин, нур чачса деймин
Жаңы аткан ак таңдай.
Кайырма:
Эй, Ата Журтум сен деп жашаймын,
Ар дайым сага бакыт каалаймын.
Эй, Ата Журтум сен деп жашаймын,
Ар дайым сага бакыт каалаймын.
Дүйнөдө көп дейт, өзүңдөй сулуу
Тоо, талаалар.
Мен үчүн сендей ыйык жер жоктур,
Сезимге от жагар.
Бабалар баскан жеринде жашап,
Бактылуумун.
Кайда жүрсөм да, сагынып турам,
Такыр унута албай…
Кайырма:
КЫЗ — БУРАК тобу — Ата Журтум тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 874