Асылзатым, азабым да жыргалым,
Сенсиз билбейм, кандай өтмөк жылдарым.
Салып алдың, өзүң билген бир күүгө,
Чертип жүрүп жүрөгүмдүн кылдарын.
Кайырма:
Жүрөктө жаз, көчөдө жаз, үйдө жаз,
Кемибеген, кебелбеген дүйнө мас.
Ишен, жаным көкүрөктө от жалын,
Жер жүзүндө мендей болуп сүйгөн аз
Көңүл эргип, колдон сыям кургабай,
Андан бери өттү жылдар бир далай.
Кагып-согуп жатса дагы бул турмуш,
Келе атабыз сезимдерди булгабай.
Жароокерим, жыргалым да азабым,
Капилеттен түшкөн эле назарым.
Баштап алып, ошол күндөн, ушул түн,
Бүтпөй келет, бүтпөйт сүйүү казалы.
Сонун ыр жагат
Чынара
Абдан сонун ыр
Мага жагат
Жүрөккө жаз келбегендиктен жакпайт деп коюп туруп! Жаз келсин ар бир жанга, үйгө!
Укмуш соонун керемет чыгарма сыйлайм сизди Лира эжеке озумдун эжем Токтогулдук
Андан бери болуп жазылат (Андан Бер ) жазылып калыптыр
Чооң рахмат, оңдоп койдук!
Сонун ыр.Лира унуно береке чыгармачылык ийгилик!!! Ийгилтердин чеги жок болсун
Ала жааааат
Соонун ыр обонун келтире албай эс ооп атат
Менде да
Соонун ыр обонун келтире албай эс ооп ататунунузго береке
Эң сонун ыр, унунузго береке Лира эжеке, талантыныз ташкындап кыргыз жыттанган ырларды жарата бериниз
Мага жагат аябай жакшы кором ушулун ырлар мага жагат сооунун ыр
Абдан жакты
Соонун экен
Абдан жакшы ырдаган.Өзү биздин Токтогулдуктар соонун ырдашат.Лира сага чыгармачылык ийгилик каалайм.
Обону кимдики
Обону кимдики
керемет