Тамырларга жылуулук келип кайра.
Тай кунандай туйлашат суулар сайда.
Ар-бир үйгө тартуулап тазалыкты.
Ар-бир жанга кол сунат нооруз майрам.
Кайырма:
Алас-алас-алас, ар балээден калас.
Эски жыл-кетти, жаны-жыл келди.
Жакшылыкка жар бол,
Кырман толо дан бол.
Алас-алас-алас, ар балээден калас.
Сүмөлөк-сүмөлөк- сүмөлөк жегиле.
Ак бата-ак бата-ак бата бергиле.
Бак тиккен багбанга, баба дыйканга.
Жана да-жана да-жана-да менин эргүүмө.
Саманчынын жолундай сабын бузбай.
Айлар өтүп жыл толуп келди кайра.
Ала-Тоонун ичине айылыма.
Ар улуттун өзүндөй нооруз майрам.
Кайырма:
Калкым күтүп кубанат кабагына.
Чаң жукпасын таптаза кабагына.
Ак тилектей айылыма кел ноорузум.
Аппак шоола төгүлсүн кадамыңа.
Эң туура бирок ырдаганга жараша болушу керек экена так браво
Жаман соз айталбайм сонун экен✌️