Атыңды мен жүрөгүмө сактап,
Асыл эркем алдейлеймин, таптап.
Сен билбесең, сени сүйөмүн жаным,
Сени менен көрүшкөндөн баштап.
Жаным сени урматтаймын,
Ак сүйүүмдү уурдатпаймын эми мен.
Ойлорумду уйпалаба,
Отко салып куйкалаба эми сен…
Кайырма:
Жалгызым, ай, жалындаган оттой жигитмин,
Жанымда бол, түбөлүккө мендей жигиттин.
Жаным сени урматтаймын,
Ак сүйүүмдү уурдатпаймын
Алтыным менин, ашыгымсың жаным, ай
Колуңду мага бер, сүйүүгө сыр ачалы, жаным, ай
Кайырма:
Жалгызым, ай, жалгыз сенде менин үмүтүм
Жалгыз кылбай боломун эми сенин жигитиң
Тагдыр бизди жолуктурду эми,
Талаша албайт эми эч ким сени
Сен билбесең сени сүйөмүн жаным,
Сени менен көрүшкөндөн бери.
Жаным сени урматтаймын,
Ак сүйүүмдү уурдатпаймын
Алтыным менин, ашыгымсың жаным, ай
Колуңду мага бер сүйүүгө, сыр ачалы жаным, ай
Кайырма:
Мажит — Жалындаган оттой жигитмин тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 119