Бул жашоодо таза жолду танда,
Мүмкүнчүлүк келет ар бир жанга.
Өзүм дебей бир өмүрдө күйүп,
Эмгегиңди элиң үчүн арна.
Жалкоо болбой кайрат, күчүң барда,
Чоң жарышта сапарыңдан калба.
Жашоодогу жеңиш ошол экен
Пайдаң гана тийсе ар бир жанга.
Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра,
Кур дүйнөгө берилип байланба.
Атың өчпөй, жашап кылымдарга,
Баштаган жолуңдан эч тайманба,
Из калтыргын жүрөктө нур барда.
Жарык болуп күн нурундай тийсең,
Жан дилиңден бул жашоону сүйсөң.
Жалп деп анан өчкөн өңдүү жалын,
Бул учурлар кайрылбаган ирмем.
Өзгөртөсүң келечекти бир сен,
Өзөгүсүң жаңы күндүн билсең.
Адамдарга үлгү болуп дайым,
Жашагысы келгендей сен жүрсөң!
Мирбек Атабеков Из калтыр тексти
Датасы: 22.03.2022 Көрүүлөр: 56612
Эң соонун
Ото сонун
Ооба
Сооооонун
Аэма
Мага аябай жакты досум ырдагандан кийин
Мага да абдан жакты
Жакшы ыр экен, азаматсын.
Үчүнчү сапта ката бар экен
Өзүм дебей (БУЛ) өмүрдө күйүп.
Оңдоп койсоңор жакшы болот. Рахмат.