Көчөлөрү ар түр жашылдан,
Кере жутам таза абаңдан.
Көз салсам төмөн тарапка,
Көкмөк көлүң ойноп чалкыган.
Кереметүү тоосу Шамшыкал
Жер соорусу Арым, Итагар
Капчыгай, Чычкан, Бейиш-Төр
Узун-Акмат, Торкен дайралар.
Кайырма:
Биздин туулган жер ушул,
Биз да ушул жерге уул,
Акындын аты аталган жер, Токтогул.
Ырчы кызы, ырчы уул,
Биздин туулган жер ушул,
Акындын аты аталган жер, Токтогул.
Обон чыгат аска-зоосунан,
Ыр татымы келет тузунан.
Касиеттүү алтын бешигим,
Күү угулат аккан суусунан.
Кайырма:
Мирлан Баеков — Токтогулум тексти
Датасы: 26.09.2020 Көрүүлөр: 1077