Бар байлыгым үйгө толо балдарым
Күйө бала кыздар келин жандарым
Үйгө келген ырыс кутту бек кармап
Бийик тутуп ак батадай кармагын
Коломдото отуң өчпөй дайыма
Коктуларга малың толсун жайыла
Жакшылыкка дасторкондор жайылып
Бир болгула бир туугандар дайыма
Жакшылыкты чачыладай чачканы
Силер менен мен бактылуу чактамын
Өмүр тилеп ар бириңе күндө мен
Жараткандан тилек сурап жатканым
Күндө өмүр өтө берет турбайбы
Болбосунчу эч убакта мууң кайгы
Үй-бүлөдө ынтымактуу от болсо
Жаратканым колдоп турат мындайды
Мөөркан Мамыркулова — Балдарыма тексти
Датасы: 24.02.2023 Көрүүлөр: 15396