Чакырсак келбес тил безек
Өзүңдө калды бир кезек
Сабакты класс парталар
Шыбырап турчу билбесек
Кайырма:
Кайрылып келбес күн үчүн
Бийлейбиз бүгүн күнү түн
Классташ кыздар балдарды
Жүрөктө сактап күлүшүн
Ашырсын ар ким турмушка
Ойлогон максат үмүтүн
Кубантып эже агайды
Курдаштар ишке жарайлы
Китептен эмес турмуштан
Көрөбүз дагы далайды
Кайырма:
Коштошуу жашы тамчуудай
Кирпикти бир аз ирмесек
Жолдор көп жолдон адашпай
Жолугуш үчүн тарайлы