Сыздасын дегениңби,
Сырымды билбей койдуң.
Сыйкырлуу жомогумдун,
Ичине кирбей койдуң.
Кайырма:
Унутсун дегениңби?
Уйкумду бузбай калдың.
Жайнаган көңүлүмдү,
Жылытпай музга айландың.
Түңүлсүн дегениңби?
Түшүмө кирбей койдуң.
Тымызын сүйөрүмдү,
Негедир билбей койдуң.
Аялуу жүрөгүмдүн,
Эшигин чертпей калдың.
А бирок унутулбай,
Оюмдан кетпей калдың.
Назира Токонова — Сага тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 5617
Ушул версиясы жакшы чыккан.