Мен издеген өмүрдө,
Гүл болуп көңүлдө,
Жолукканмын бир өзүңө.
Азыр эми экөөбүз
Бир кеме бирге сүзөбүз.
Жыргалым сенсиң менин, асыл жубайым, о-оо.
Белегим берген Кудайым.
Бир болгон бары жогумда, э-эй
Бар болгун менин күн,айым.
Кайырма:
Жашоо жарыгы,
Өмүр агымы,
Алган жарым, баары сен менен.
Кайталангыс менин эркемсиң,
И-ий и-ий ии-йй
Алган жарым менин.
Жүрөгүмдүн кереги,
Жыргалымдын кечеси
Уул, кызымдын энекеси.
Апакемдин келини,
Өзүңдөй эле тилеги.
Ырларым сенсиң менин, асыл жубайым, о-оо,
Өмүрдүн гүлүн сунайын.
Бир болгон бар-жогумда,
Бар болгун менин, күн айым.
Кайырма:
Нияз Абдыразаков — Жубайым тексти
Датасы: 30.08.2020 Көрүүлөр: 675