Неге тынбайт күздүн муздак жамгыры
Бул жамгырбы же түгөнбөс кайгыбы
Жазым жайым күзүм кышым биригип
Сени гана эстетет ой бардыгы
Дагы канча ырбатасын жарамды
Дагы канча эзесиң ой адамды
Ачык айтчы жашырбастан алтыным
Азда болсо өзүңө мен жагамбы
Канча сүйсөм дал ошончо жеп көрөм
Ошондуктан айрылууну эп көрөм
Унутайын деген менен канчалык
Тагдыр кайра жолуктурса деп келем
Тартып берип айрулуунун азабын
Тагдыр сунган сокулардан тажадым
Турган менен алаканда Бут байлык
АК суйуудон болбоду эч базарым