Капаланып күндөр таарына берет,
Эрке мүнөз экенин өзү сезет.
Башкалардан өзүн өйдөрөөк көрөт,
Көп кыздардан бирок өзгөчөлөнөт.
Кайырма:
Эрке кыз ыйлайт, кыйнайт,
Жүрөк сыздатат.
Сүйлөбөй коет, ойнойт,
Ичте сыр катат.
Таарынычын жазсаң, тил тапсаң,
Назик үн катат.
Маанайын ачса, муң качса,
Күлүп нур чачат.
Таарынат, бул ар бир сөзгө асылат,
Катуу айтсаң дароо көзүн качырат.
Көңүл бөлсөң бирок гүлдөй ачылат,
Көздөрүнөн бакыт нуру чачырап.
Бир көргөндө жагат анын келбети,
Каректери укмуш, көлдүн бермети.
Тикени болот роза гүлүнүн дагы,
Тилин тапсаң бейиш сага жер бети.