Бир өзүңсүң көңүлүмдө,
Сүйүү болдуң жүрөгүмдө.
Мени сендей ардактаган,
Ким бар дейсиң бул өмүрдө?
Кайырма:
Асмандагы айдай жандың,
Сен жашоомду саймаладың.
Мени сүйгөн жүрөгүңдүн,
Кагышынан айланайын.
Сага мен да болдум кумар,
Жүрөгүмө тактың тумар.
Сенин сүйүүң жалындаган,
Мага тирек болуп турар.
Кайырма:
Сенин сүйүүң алга сүрөт,
Үмүт болуп менде жүрөт.
Сүйкүм жүзүң көргөнүмдө,
Бир мен эмес, дүйнө күлөт.
Кайырма:
Оба эн сонун
Сонун бары
Вапше класс
Жакпай анан
Тура емес жазып койуптурсунар
Саламатсызбы, эмнеси туура эмес экен?
Озун да туура жазбапсын го емес депэмес болот
жаркып деп айтылат го
Сонун ыр жагат аявай❤️
Жакшы ыр, уккулуктуу
Туура эмес деп жазылат
Жакшы ыр, уккулуктуу. Үнү да сонун Нурзат ырчы кыздын.
Соонун ыр экен
Сенин сүйүүң алга сүрөП…
Песня просто кайфф только узнала об этом видимо только я пишу на русском