Арманга жүрөк толгондо,
Аябай куса болгондо.
Алсырап чыгып басамын,
Ай нурун төккөн жолдордо.
Кайырма:
Убайга батпа сагынба,
Умсунуп ыйга багынба.
Мен турган болом бир гана,
Сен баскан жолдун баарында.
Күтүүгө жүрөк толгондо,
Күйүтүм муздап, тоңгондо.
Жапжалгыз чыгып басамын,
Жалбырак жааган жолдордо.
Кайырма:
Коштошуу деген оңойбу,
Козгогон муңдуу обонду.
Кар тосуп калды бекен деп,
Карадым күндө тоолорду.
Кайырма:
Омар — Кусалуу жол тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 852