«Кең пейил болсон, баркын жогорулайт, ал эми текебер болсон төмөндөйсун»
Илгери-илгери алыскы бир өлкөдө бир өкүмдар жашаптыр. Ал элдин жашоосун дайыма текшерип турчу экен. Ал өкүмдар бир күнү ууга чыгат. Ууда жүрүп ал алыста жайгашкан айылды көрөт. Жалгыз өзү жүрүп отуруп ошол айылга жол алат. Жол жүрүп отуруп аябай суусаган өкүмдар жолдо кой кайтарган бир жаш чабанды көрүп, андан суу сурайт. Чабан болсо өтө урматтоо менен өкүмдарга:
— Улуу өкүмдарым, атакем тиги тоонун артына суу алганы кетти. Алып келгенде ошол суудан ичиниз. Себеби ал суу дары суу, — дейт.
Ошентип бир аз убакыт өткөн соң жаш чабан бала үйүнө чуркап барып, суу алып келет. Сууну ичкенден кийин өкүмдар балага:
— Эмнеге атан келгенге чейин күткөн жоксун?-деп сурайт.
Чабан бала жылмайып өкүмдарга:
— Сиз келген кезде аябай тердеп турган болчусуз. Тердеп туруп суу ичсениз ооруп калмаксыз. Мына ошол үчүн сизди алаксытып ушундай дегем. Мени кечирип коюнуз,- дейт.
Чабан баланын мындай кең пейилдигин жактырган өкүмдар аны өзүнүн ак сарайына алып келип, бул жерде калуусун өтүнөт. Бала өкүмдардын сунушун кабыл алып, ак сарайда калат.
Чабан бала жашаган жериндеги үйүнөн чыга беришине чокою менен чапанын илип коюптур. Ал күнүгө эрте менен ошол бөлмөгө кирип:
— Эй сен эч качан манчыркап, текеберленбегин! Унутпа сен буга чейин мына бул чокой менен чапанды кийээр элен! — дечу экен.
Анын мындай абалын байкаган башка кызматчылар өкүмдарга барышып:
— Өкүмдар, бул чабан бала ар качан жалгыз болуп дайыма үйүнүн эшигин кулпулап коёт. Мумкун үйүнө алтын же күмүш чогултуп сактап жүрбөсүн, — деп даттанышат.
Падыша кызматкерлеринин айткандарынын чын-төгүнүн
билиш учун чабан баланын үйүн текшертет. Ошентип чабандын эшигин ачып, ал жокто үйге киргендер дубалда илинип турган чапан менен чокойдон башка эч нерсе таба алышпай коюшат. Кала берсе полдун алдын да казып чыгышат. Андан да эч нерсе таба алышпайт. Эч нерсе таба алышпаган соң, акыры барып өкүмдарга чындыгын айтышат.
Бул окуяны акырына чейин талдап чыгуу үчүн өкүмдар чабанды чакыртып, андан чындыгын айтуусун талап кылат. Чабан чапаны жана чокою жөнүндөгү оюн болгонун болгондой айтып берет. Өкүмдар чабанга кубана карап:
— Азаматсын! Мындан кийин менин казынамды сен башкарасын! — деп буйрук берет.
Мына ушинтип чабан бала өзүнүн кең пейилдиги менен өкүмдардын эн ишеничтуу адамы болуп калат. Ал эми өкүмдар тигил жалаа жапкан кишилерге өз жазасын берген экен.