Жүрөгүм ишенгенден ынайм сага,
Жузүңдү көрбөсөм да Кудай Таала
Жалбарып бир өзүңө таянамын,
Жанымды жеп турганда убай-санаа.
Өзүмдү миң бир жолу алдасам да
Өзгөрбөй эсимдесиң Алла Таала
Бир жолу таразаңа түшөөрүм чын,
Миң жолу жакшы көрүп алдасам да.
Ыйманым болсо дагы бүгүн менин,
Баари бир коноктордун ичиндемин.
Ооматтуу бул дүйнөдө жашап жүрүп,
Жетеби түз жашоого күчүм менин.
Ооматтуу бул дүйнөдө жашап жүрүп,
Жетеби түз жүрүүгө күчүм менин.
Жалбарып бир өзүңө таянамын,
Жанымды жеп турганда убай-санаа.
Орозгүл Токторбаева — Ыйман таза тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 499