Кат жызышып жүргөн элек мектепте,
Ошол күндөр дале түшөт эсиме.
Жүрөгүмдөн сүйгөн элем мен сени,
Наристелик сезим беле ал деги.
Кайырма:
Айылдын четинде,
Турамын кечинде.
Сүйүүгө мас болуп ай,
Күткөнүм эсим.
Күндө келе терезеңдин түбүнө,
Сен чыгасың угуп гитар үнүнө.
Көзүн жанат мени карап кыялдуу,
Ай нуруна түшөт жүзүң чырайлуу.
Кайырма:
Кат жазышып жүргөн элек мектепте,
Ошол күндөр дале түшөт эсиме.
Күтпөйт экен зымыраган убакыт,
Баргым келет ошол күнгө уурданып.
Кайырма:
Расул Маматкулов — Махабат тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 6234