Өрттөдүм дебе, жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көңүлдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.
Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бирпаска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.
Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшош.
Рыспай Абдыкадыров — Сагынган жанмын сага окшоп тексти
Датасы: 19.10.2020 Көрүүлөр: 5925
Жакшы ой менен жасалыптыр! Мага жакты. Эски ырлар коп ырдалбай унутулуп баратканы окунучтуу. Бугун жумушта журсом Распайдын ырынын обону эске тушту. Создорун унутуп калыптырмын. Силердин сайт абдан чон жардам берди. Апам менен чогуу чонойгон экен Рыпай агабыз. Ырларын коп укчубуз. Талантын абдан баалашчу атам менен апам раматылыктар….
Эн сонун ыр жакшы коруп ырдайм
Супер музыка