Бардык адам бала болгон,
Балалыкты эстейли.
Таза жүрүп кыт-кыт күлгөн,
Балалыктын элеси.
Кайырма:
Бала чагым өттү-кетти,
Кайрылбас ал эч качан.
Жүрөктөргө толду го,
Сагынычтар сыздаган.
Келечекти элестетип,
Бирге отурган партада,
Курбуларым, келгиле,
Чогулалы мектепке.
Мезгилдердей кубалашып,
Билим алдык күнү-түн.
Алма бактуу мектебибиз,
Алтын сарай биз үчүн.
Кайырма:
Балалыкты эске алып,
Чогулалы, курбулар.
Урмат-сыйга бөлөнүшсүн,
Эжекелер, агайлар. Маалыматты өзгөртүү
Сайкал Садыбакасова — Бала чагым тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 2131