Ошол күнү жамгыр жааган себелеп,
Көпкө жүрдүк көк шиберди тебелеп
Коштошордо токтоно албай алдым ыйлап,
Анткени мен сени, сүйсөм керек,
Кайырма:
Асылзатым
Сагынамын, сагынамын,
Сагынтып келем деп
Жүрсөң керек, асылзатым
Кайран күндөр өтүп жатат күтүү менен,
Күдөр үзбөй жолду карап үмүт менен,
Ыйлап-ыйлап кээде сага таарынсам да,
Ансайын өзүңдү сүйүп келем.
Кайырма:
Бүгүн дагы жамгыр турду себелеп,
А мен болсо кучагыңда эркелеп,
Билесиңби ушул күндү канча күттүм
А, балким сен дагы күтсөң керек…
Кайырма:
Салима Балтаева — Асылзатым тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 424