Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.
Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.
Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.
Кайырма:
Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?
Кайырма:
Мен ыр көчүрө албай жатам кочпой жатат
Скачать деген кнопканы бассаңыз көчөт.
жок ката
Мен
мен эч кандай ката тападым силерге 1000 пайыз беремин рахмат
Сагынганда атамды созу обону кимге таандык….жооп берип коюунуздар
Сонун ыр аябай
Абдан сонун ыр
Мага жакды санун ыр