Жарык нурга дүйнөнү,
Жалгыз Алла толтурат.
Сен өзүңдөн тап аны,
Сени менен олтурат.
Кайырма:
Жаратканды сүйөмүн,
Жашым төгүп кудай деп.
Өмүр нурун сиңирип,
Жашайм шүгүр кудай деп
Суктандырган жандууну,
Суулар агат кудай деп.
Билсең ислам булбулу,
Күн-түн сайрайт кудай деп.
Кайырма:
Сүйүлөлү сүйөлү,
Сенек иштер жеңилдейт.
Эч бир жанга бул дүйнө,
Энчиленип берилбейт.
Кайырма:
Самара Каримова — Жашайм шүгүр кудай деп тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 4106