Кетким келбейт, өчкүм келбейт,
Жер бетинен калайык.
Таңы да бар, багы да бар
Жердин бети адам үчүн ылайык.
Араңардан санааңардан кетким келбейт досторум,
Баары бар, наары бар тирүүлүктүн көтөрүшүп тосторун.
Кайырма:
Чаңкаганга, суусаганга,
Булак болуп мен агайын.
Кеч киргенде, жер бетине,
Карегимден чыгак жасап жагайын.
Кетким келбейт, өчкүм келбейт,
Жер бетинен адамдар.
Жазы жаңы, жарык таңы,
Келечекте бизди күткөн заман бар.
Кайырма:
Съездбек Искеналиев — Кетким келбейт тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 318