Сулууну көрдүм булактан,
Суу алып жаткан убакта.
Жароокер жигит, кайда элең,
Жалындуу жаштык убакта?
Буркурап гүлдөр таңында,
Буралып турдуң жанымда.
Гүлмүң көз, анда кайда элең,
Гүлдөгөн жаштык чагымда?
Күлгөнүң калды эсимде,
Гүл сымал тарап сезимге.
Булгалай бердим колумду,
Булактан кетер кезиңде.
ШАНТЕЛЛ тобу — Сулууга тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 584