Из калбай өткөн мезгилден,
Илгери карай сарыгат.
Мен-менсип үнүн чыгарып,
Минуттар учат жайылап.
Балалык кездер билинбей,
Байкалбай жылат арылап.
Алаксып карайт көңүлдөр,
Асманда жылган булутту.
Ойлобо аны дегенсип,
Ой ылдый кулайт тунук суу.
Жаштыктын кыры кылт этип,
Балалык бизди унутту.
Жүргөнбүз ойлоп ким билди.
Мезгилдин суусу каптарын,
Убакыт көздөн жазгырып
Унуттук жердин аттарын.
Канганча жаштык дооруна,
Шашпагын мезгил, шашпагын.
Көп сүйүү жүгүн артынып,
Жалынын сенден жангансыйт.
Жаштык от менде бар туруп.
Көз карек сага тартылып,