Бул күндөр да өтүп кетер,
Кыйналган жандардын үнү жетер.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда «өзүм» деген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Узак жолду улап келген,
Ар бир таң өзгөчө кубат берген
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Күндөн дагы, суудан дагы
Эң кымбат адамга адам керек.
Сабыр керек сынбай турган,
Жакшы күн бар али, улай турган.
«Чыңалсын»,-деп адамзатты,
Сыноолорду Кудай сунган.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Адам жөлөк курбусуна,
Себепкер жаркыган турмушуна.
Кыйын күндө бирге өтөт
Таянып «эл» деген уул-кызына,
Ынтымакта жеңе турган
Кайрат бер, сабыр бер Кыргызыма!
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Султан Садыралиев — Адамга адам керек тексти
Датасы: 30.08.2020 Көрүүлөр: 12772
Жакты
Бул сыноолор отот кетет
Аябай жакшы түшүнүктүү жазылган уккулуктуу ыр экен
Айябай сонун чыккан мааниси терең
Султан Садыралиев красавчиксин Братан башынан эле жакшы ырдачу ийгилик сага братан ушундай мааниси терен ырлар кобойо берсин
Сөзү,обону кимдики толук жазсанар
Аябай сонун ырдаган